Ошто Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө

 Ошто Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Данияр Төлөнов, Таалайбек Сарыбашов, Алишер Козуев, Дастан Бекешев, Акылбек Түмөнбаев, Эмил Токтошев, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Өмүрбек Бакиров, Шарапаткан Мамбетова, Надира Нарматова, Эльвира Сурабалдиева, Марлен Маматалиев жана башкалар, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык кеңештин депутаттары, министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү катышууда.
Жыйында төмөнкү маселелер каралууда:
– 2022-жылдын 20-октябрына карата Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында республикалык бюджеттен каралган “капиталдык салымдар” беренелерин каржылоо (курулуш объектилерин, суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоо жана суу чарба курулушунун каржылануусу);
– Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин көйгөйлөрү.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов өз сөзүндө Ош шаарында инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүү максатында бир катар комплекстүү иш-чаралар өткөрүлүп жатканын белгиледи.
Тактап айтканда, жаан-чачындуу мезгилде жарандарды таза суу менен камсыздоо максатында АӨБ долбоорунун алкагында тендер өткөрүү, шаардын Т-түрүндөгү кесилишинен кошумча жол куруу менен жол тыгынын жоюу, канализация маселелерин чечүү, республикалык бюджеттен каржылануучу мектептерди куруу маселелерин көтөрдү.

Связанный пост