Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата бир катар иш- чаралар өтөт

 Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата бир катар  иш- чаралар өтөт
Бүгүн, 1-ноябрда коомдук жана саясий ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата иш-чара өзү туулган Талас облусунун Бакай-Ата районунун, Акназаров айыл өкмөтүнө караштуу, Кызыл-Октябрь айылында, саат 10:00дө башталат.
Корчубек Акназаровдун элине кылган эмгегин эскерүү үчүн борбордон Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, саясий жана коомдук ишмерлерден турган расмий өкүлдөрдүн катышуусу күтүлүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө Корчубек Акназаровдун эстелиги ачылып, ал жөнүндө тартылган кыска метраждуу тасма көрсөтүлүп, өмүр жолу тууралуу илимий доклад окулмакчы.
Мааракенин урматына атайын спорттук мелдештер да уюштурулган. Келген коноктор кыргыздын улуттук оюндары- Көк-бөрү, Ат чабыш, кыргыз күрөшү сындуу бир катар оюндарга күбө болушуп, оюнчуларга байгелер тапшырылмакчы.

Связанный пост