Маданият

2-ноябрда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет

Эртең, 2- ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Программа боюнча саат 12:00 филармониянын кичи залында маданият кызматкерлерине Министрликтин ведомстволук сыйлыктары тапшырылат. Ал эми, саат 14:00дө чоң залда атайын даярдалган концерттик программа өтөт.Читать далее

Билим

Бишкектеги №8 бала бакча капиталдык оңдоодон өтүүдө

Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө жайгашкан №8 мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бала бакчанын эки кабаттуу имараты 120 орундуу, 4 тайпага ылайыкталган. Имараттын аянты 483,42 чарчы метр. Бүгүнкү күндө инженердик коммуникация тармактарын орнотуу иштери аяктады. Бала бакчанын ички жана тышкы жасалгасы, аймагын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бала бакчада ар бир тайпага өзүнчө аянтчалар […]Читать далее

Экономика

Алкоголсуз суусундуктарга 78 млн сомдон ашык акциз салыгы чогултулду

Мамлекеттик салык кызматы ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын салуу башталган учурдан – 2022-жылдын 1-июлунан тартып 78,4 млн сом чогулткан. Чогултулган суммадан өндүрүлүүчү продукцияга – 37,1 млн сом акциз салыгын жана импорттолуучу продукцияга – 41,2 млн сомду түзөт. Эске салсак, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында зымдарды тартуу иштери жүрүүдө

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында зымдарды тартуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иштер 12-сентябрдан тарта Баткен облусунда жүрүүдө. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн ЖЧ-500 кВнын узундугу 456 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө төмөндөгү курулуш иштери жүргүзүлдү: 1211 (97,4%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1211 (97,4%) тирөөчтүн чуңкурлары […]Читать далее

Маданият

Маданият министри БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве айымды кабыл

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айымды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаштар темасындагы туруктуу өнүгүү максаттарын жана ишке ашыруу алкагында жүрүп жаткан биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Андан ары тараптар Кыргыз Республикасындагы Кыргыз Республикасынын жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү Кыргыз жараны Концепциясын ишке ашыруу боюнча пикир […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапарынын алкагында Абу-Даби шаарындагы шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды. Мамлекет башчысы БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи Президенти шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын элесине таазим кылып, күмбөздү көрүп чыкты. Андан соң, Садыр Жапаров шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын сөөгү коюлган жердин жанына салынган мечитке […]Читать далее

Коом

ИИМде Кыргыз милициясынын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулду

Бүгүн, 1-ноябрда Ички иштер министрлигинин жыйындар залында Милиция кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү КР Гимнин аткаруу менен башталды. Жыйындын башында министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери, милициянын ардагерлери жана чакырылган коноктор ИИМдин басма сөз кызматы тарабынан даярдалган “Мыйзамга кызмат кылуу – Элге кызмат кылуу” темасындагы видеотасманы көрүштү. Ички иштер министри Улан Ниязбеков […]Читать далее

Спорт

Бишкекте Каратэ-до WKF боюнча республикалык чемпионат өтөт

12-13-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында Каратэ-до WKF боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Мелдеш жаштар жана чоңдор арасында болот. Чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментинине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын улуттук каратэ-до федерациясы тарабынан уюштурулууда. Чемпионат №29 гимназия мектебинде өтөт. Дареги: Максим Горький, 144 Башталышы 9:00Читать далее

Спорт

Джиу-джитсу боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына катышууда

Кыргыз Республикасынын джиу-джитсу боюнча курама командасы Абу-Даби шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына катышып жатат. Чемпионат 28-октябрдан 8-ноябрга чейин өтөт. Спортчулар , U16, U18, U21, мушташ, контакт жиу-житсу, дуэт системасы жана нон-ваза категорияларында катышат. Чоңдор арасында: – Абылбеков Жылдызбек (56 кг) – Жусуп уулу Токторбай (62 кг) – Абдыбеков Шабданбек (62 кг) – Наралиев Сирожидин (69 […]Читать далее

Медицина

Түрк медицинасынын VIII дүйнөлүк Конгресси уюштурулду

Түркиянын Стамбул шаарында 30-31-октябрда Түрк медицинасынын VIII дүйнөлүк конгресси өттү. Конгресске Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана саламаттык сактоо тармагындагы окумуштуулар катышты. Конгрестин жүрүшүндө глобалдык жеткирүү чынжырларында кызматташтыктын туруктуу моделдерин түзүү, саламаттык сактоодогу изилдөөлөр, санариптик трансформация жана жасалма интеллект, залалдуу шишиктер, сейрек кездешүүчү оорулар, геном жана анын келечеги, Түрк фармакопеясы жана аны колдонуу эрежелери […]Читать далее