Маданият министри БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве айымды кабыл алды

 Маданият министри БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве айымды кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айымды кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаштар темасындагы туруктуу өнүгүү максаттарын жана ишке ашыруу алкагында жүрүп жаткан биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.
Андан ары тараптар Кыргыз Республикасындагы Кыргыз Республикасынын жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү Кыргыз жараны Концепциясын ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты. Анда БУУнун 193 мамлекетти тынчтык үчүн бириктиргендей эле, Кыргыз жараны концепциясы Кыргызстанда жашаган бардык этностордун башын бириктирип турганы айтылды.
Антье Граве айым ошондой эле Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы активдүүлүгүнө көз салып турганына сыймыктанарын белгилеп, жакында Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайланышы менен куттуктап, өлкөдө адам укуктарын өнүктүрүүнүн пайдасы үчүн БУУнун тутуму мындан ары да иш алып барууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташууга даяр экендиктерин белгилешип, түзүлгөн байланыштарды биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланууга макулдашышты.

Связанный пост