Түрк медицинасынын VIII дүйнөлүк Конгресси уюштурулду

 Түрк медицинасынын VIII дүйнөлүк Конгресси уюштурулду

Түркиянын Стамбул шаарында 30-31-октябрда Түрк медицинасынын VIII дүйнөлүк конгресси өттү.

Конгресске Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана саламаттык сактоо тармагындагы окумуштуулар катышты.

Конгрестин жүрүшүндө глобалдык жеткирүү чынжырларында кызматташтыктын туруктуу моделдерин түзүү, саламаттык сактоодогу изилдөөлөр, санариптик трансформация жана жасалма интеллект, залалдуу шишиктер, сейрек кездешүүчү оорулар, геном жана анын келечеги, Түрк фармакопеясы жана аны колдонуу эрежелери боюнча илимий жолугуушулар болду.

Конгресстин алкагында 31-октярбда Түрк мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусу орун алды. Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашуу жана медициналык кадрларды даярдоо, “Биргелешкен ден соолук жумалыгын” уюштуруу, Түрк медицина дүйнөсү конгрессинин алкагында биргелешкен ден соолук бизнес форуму жана жарманкесин уюштуруу маселелери талкууланды.

Мүчө мамлекеттердин вакциналарды, дары-дармектерди, медициналык буюмдарды жана материалдык муктаждыктарын сатып алуунун, биргелешкен альтернативдүү өндүрүш механизмдерин иштеп чыгуу, биргелешкен өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана ата мекендик өндүрүштөрдү өз ара таануу маселелери түрк тарабынан демилгеленди, аталган демилге мүчө мамлекеттер тарабынан колдоого алынды. 2023-жылы өткөрүлө турган 9-Түрк медицина дүйнөсүнүн конгресси Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөрүлө тургандыгы белгиленди.

Конгресстин алкагында Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандын саламаттык сактоо министрлери менен эки тараптуу жолугушуулар орун алды. Жыйынтыгында, Түрк медицина дүйнөсүнүн 8-дүйнөлүк конгрессинин жыйынтык декларациясы кабыл алынды.

Андан тышкары, “Медицинанын тарыхына жана жалпы мураска таазим” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, ага Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты. Сыйлык тапшыруу аземинде Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери өз өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо кызматкерлеринин атынан Режеп Тайип Эрдогандын колунан сыйлыктарды алышты.

Связанный пост