Алкоголсуз суусундуктарга 78 млн сомдон ашык акциз салыгы чогултулду

 Алкоголсуз суусундуктарга 78 млн сомдон ашык акциз салыгы чогултулду

Мамлекеттик салык кызматы ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын салуу башталган учурдан – 2022-жылдын 1-июлунан тартып 78,4 млн сом чогулткан.

Чогултулган суммадан өндүрүлүүчү продукцияга – 37,1 млн сом акциз салыгын жана импорттолуучу продукцияга – 41,2 млн сомду түзөт.

Эске салсак, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо акциздик салык салынууга жатат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык акциздин ставкасы 1 литр үчүн 1 сомду түзөт.

Связанный пост