Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди жаратылыш жанданып, мезгил ырааты алмашып, жаңылануунун жана жаңы жашоого умтулуунун белгиси болгон Нооруз элдик майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Кылымдарды карытып, ар жылы көктөмдүн келишин утурлай майрамдалып келаткан Нооруз майрамын белгилөө салты кыргыз элинин дүйнө таанымынын кеңдигин, […]Читать далее
Бишкекте бүгүн “Кыргызстан–БАЭ” бизнес-форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирет. Форумдун ишине саламаттыкты сактоо, туризм, курулуш, товарлардын экспорт-импорту жана тамак-аш, косметика, меймандостук, акыркы инженердик жана технологиялык чечимдер, электр техникасы сыяктуу тармактарда кызматташууну түзүүгө даяр болгон БАЭнин 20дан ашык алдыңкы компаниялары катышууда. Ошондой эле иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы логистикалык […]Читать далее
Бишкекте 1 тонналык Ынтымак сүмөлөгү даярдалууда. Курамына 70 түрдүү даам кошулуп, облустун баардык аймагынан келген энелер азыкты 12 саат кайнатышат. Майрамдык иш чаранын алкагында, элдик ансамблдин концерттик номерлери тартууланды. Сүмөлөк даяр болгон соң балдар, карылар жана жетимдер үйүнө акысыз таркатылат.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. 14 айылдык кеңеште мандаттардын жалпы саны – 254, анын ичинде шайлоо округдарында аялдар үчүн 97 мандат резервге калтырылган. 14 айылдык кеңешке бардыгы 493 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинде – 174 аял-талапкер. 470 талапкер катталды, анын ичинде 164 аял-талапкер бар. Айылдык кеңештерге […]Читать далее
Ош шаарында “Курманжан-Датка” муцниципалдык аймактык башкармалыгындагы “Балажан” бала бакчасынын кошумча имараты ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган бала бакчанын кошумча имараты 6,5 айдын ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүткөрүлдү. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын аягына чейин калаада дагы үч бала бакча пайдаланууга берилери пландалууда.Читать далее
16-мартта Франциянын борбору Париж шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Руслан Татиков менен Кыргыз Республикасынын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Париж клубунун башкы катчысы Филипп Гайон Дюперат жана Франциянын Экономика финансы департаментинин директору Винсент Принго менен жолугушту. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик тышкы карызды жашыл демилгелерге алмашуу курсун ишке ашыруу максатында кыргыз тарап […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуяларын эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Тарых – бул өткөн доор менен болочокту байланыштырган көпүрө. Аксы окуясы дагы Кыргызстандын соңку тарыхында мамлекеттин келечегине таасирин тийгизген алгачкы саясий окуялардан. Өлкөнү башкаруу кризиске кептелип баратканын эскерткен коңгуроо болгон. Ал Кыргызстан тарыхынын саясий өнүгүүсүндө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуяларын эскерүү күнүндө 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы Монументке гүл койду. Иш-чарага ошондой эле, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун […]Читать далее
Быйыл өлкө боюнча 10 миң үй-бүлө социалдык келишимге кол коюп, кайтарымсыз 100 миң сомдон алышат. Бүгүнкү күндө жер-жерлерде катышуучулар менен финансылык сабаттуулук боюнча окутуулар башталды. Долбоор чакан жана орто бизнес кылууга багытталып,жумушсуздугу боюнча каттоого алынгандар же социалдык жактан муктаж болгондор катышат.Аталган долбоор бүткул дүйнөлүк азык-тулүк программасынын алкагында ишке ашырылып,ага 1 млрд сом бөлунгөн.Натыйжада 250 миң […]Читать далее
Кыргызстанда жумуш орундары жетиштүү, бирок жумушчулар аз. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин маалыматы боюнча өлкөдө эмгек рыногу жакшы жакка өзгөргөн жана жаңы адистиктер боюнча бош орундар көбөйгөн. Бирок кесипкөй жумушчулар жетишпейт. Андыктан ишканалар чет элдик адистерди тартууга квоталарды көбөйтүү керектигин белгилешкен. Талап кылынган адистиктерди өнүктүрүү боюнча учурда жаңы долбоор иштеп баштады. Белгилей […]Читать далее