Кыргызстанда жумуш орундары жетиштүү

 Кыргызстанда жумуш орундары жетиштүү
Кыргызстанда жумуш орундары жетиштүү, бирок жумушчулар аз. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин маалыматы боюнча өлкөдө эмгек рыногу жакшы жакка өзгөргөн жана жаңы адистиктер боюнча бош орундар көбөйгөн. Бирок кесипкөй жумушчулар жетишпейт. Андыктан ишканалар чет элдик адистерди тартууга квоталарды көбөйтүү керектигин белгилешкен. Талап кылынган адистиктерди өнүктүрүү боюнча учурда жаңы долбоор иштеп баштады. Белгилей кетсек акыркы мезгилде Кыргызстанда айыл чарба, балык чарба, курулуш, соода жана автоунаа оңдоо жаатындагы кесиптер актуалдуу болууда.

Связанный пост