Кыргызстандагы жашыл демилгелерди өнүктүрүү

 Кыргызстандагы жашыл демилгелерди өнүктүрүү

16-мартта Франциянын борбору Париж шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Руслан Татиков менен Кыргыз Республикасынын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Париж клубунун башкы катчысы Филипп Гайон Дюперат жана Франциянын Экономика финансы департаментинин директору Винсент Принго менен жолугушту.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик тышкы карызды жашыл демилгелерге алмашуу курсун ишке ашыруу максатында кыргыз тарап тарабынан демилгеленген.
КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков Кыргыз Республикасы бардык эки тараптуу кредиторлор менен курчап турган чөйрөнү коргоо, экология тармагындагы долбоорлорго, ошондой эле социалдык жактан маанилүү тармактарга карызды алмашуу сунушу менен иштеп жатканын билдирди.
Мындан тышкары, Париж клубуна дүйнөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга биргелешкен салым кошо турган Кыргыз Республикасында Трасттык фонд түзүү аркылуу жашыл долбоорлорду ишке ашырууга катышуу сунушталды.
Жолугушуунун жыйынтыгында француз тарап менен Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу долбоорлору үчүн жана техникалык-экономикалык негиздемени жана бизнес-пландарды даярдоого 60 миллион еврого чейин кредиттик линияны ачуу, ошондой эле 500 миң еврого чейин грантка каражат бөлүү боюнча макулдашылды.

Связанный пост