Президент Садыр Жапаров Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди
![Президент Садыр Жапаров Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/03/dst_4377-850x560.jpg)
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуяларын эскерүү күнүндө 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы Монументке гүл койду. Иш-чарага ошондой эле, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.