Өкмөт

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Министрлер Кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө 13 маселе каралды жана анын басымдуу бөлүгү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө болду. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга […]Читать далее

Кырсык

Кыргызстанда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-март күнү, саат 22:47де Афганистан Республикасынын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргызстандын Ош облусу, Жалал-Абад облусу жана Баткен облусунда 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее

Кырсык

Бишкекте мечиттен өрт чыгып, жалыны 4 контейнерди каптаган

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндө жайгашкан “Дордой Мурас” базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыгып, өрттүн жалыны жанындагы 4 контейнерге өттү. Бул тууралуу КР ӨКМ маалымат борбору кабарлады. Өрттү өчүрүүгө саат 01:38ден тарта ӨКМдин Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 02:19да чектөөгө алынып, саат 04:03дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн […]Читать далее

Маданият

Бишкектин айрым райондорунда 2 күн газ болбойт

Бишкек шаарынын айрым райондорунда 2 күн газ болбойт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасы билдирет. Маалыматка ылайык, 22-марттан 23-мартка чейин Көлмө жаңы конушунун Дастан, Максат, Медина, Мыскал, Кулиев көчөлөрүндө, ошондой эле Лермонтов, Восточная, Ибраев, Ленин көчөлөрү кесилишкен аймакта, мындан сырткары, Фрунзе, Коенкозов, Манас, Чүй простпектилери кесилишкен аймакта газ өчүрүлөт. Газ орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө сызылып чыккан газды […]Читать далее

Коом

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу кеңейтилүүдө

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 40,3-46,9 км бөлүгүндө (Ноокат району) жер жери менен жолду бак-дарактардан тазалоо, жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Азыркы тапта жолго шагыл материалын төгүү, тегиздөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле асфальттын эски катмарын сыйрып алып, жаңы катмар төшөөгө тезиздөө жана даярдоо өтүүдө. Белгилей кетсек, жолду кеңейтүү иштерин КР ТжКМне […]Читать далее

Коом

Нооруз майрамынан кийин аянттан үч тонна таштанды чыгарылды

Нооруз майрамынан кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ала-Тоо» аянтынан 3 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Таштандыларды чогултууга ишкананын 30 кызматкери, 1 атайын техника жана 1 сугаруучу машина  тартылган. Мэрия таштандыларды челектерге салып,  шаардык кызматкерлердин эмгегин сыйлооңуздарды өтүнөт.Читать далее

Жогорку Кеңеш

Бишкекте Нооруз майрамына карата иш-чара болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөн Нооруз майрамына катышты. Иш-чара жаратылыштын ойгонушу, жаздын келиши жана жаңы жашоонун башталышы тууралуу театралдаштырылган пролог менен башталды. Андан кийин Мамлекет башчысы куттуктоо сөз сүйлөп, Нооруз эзелтен бери достуктун, биримдиктин майрамы катары белгиленип келгенин айтты. Ал Кыргызстандын акыркы эки жылда тилектештиктин жана бирдиктүү […]Читать далее

Коом

Ош шаарында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленүүдө

Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Иш-чаралар эртең менен сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта “Нооруз – 2023” деп аталган салтанат тартууланды. Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан улустун улуу күнү саналган Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Жаздын келишин жар салып, күн менен түн теңелишкен учурга туш келген бул майрам эзелтен жаңы жылдын башталышы катары белгиленген. Анткени, “нооруз” сөзү байыркы фарс тилинен алынып, кыргызчага которгондо “жаңы күн” дегенди түшүндүрөт. Андыктан майрамды […]Читать далее

Президент

Президент: Нооруз талбаган эмгек жана бекем ынтымактын ажырагыс биримдигин айкалыштырып

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамына карата майрамдык салтанатта куттуктоо сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай деп белгиледи: “Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Кыргыз эли – тээ байыртан бери эле табият менен эриш-аркак жашап, Ата Конушунун ар бир ташы менен мөлтүр булагына аяр мамиле кылып келген улуу […]Читать далее