Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

 Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан улустун улуу күнү саналган Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Жаздын келишин жар салып, күн менен түн теңелишкен учурга туш келген бул майрам эзелтен жаңы жылдын башталышы катары белгиленген. Анткени, “нооруз” сөзү байыркы фарс тилинен алынып, кыргызчага которгондо “жаңы күн” дегенди түшүндүрөт. Андыктан майрамды утурлай сүмөлөк бышырылып, казан-казан көжө кайнатылган. Апаларыбыз таңдан туруп, үй-жайды аластап, Жараткандан жакшылыктарды тилешкен. Аруу үмүттөргө жана бийик максаттарга толгон Нооруз майрамы улуттук оюндар менен коштолуп, руханий маданиятыбыз даңазаланган.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу жаӊы жылдын келгенин жар салып, дарак бүчүрүндөй жакшы тилектерди сунган Нооруз майрамы кут болсун! Жаратканым элибизге тынчтык, жергебизге береке берсин! Айдаган аштыгыбыз өнүп, байлаган малыбыз көбөйсүн! Жер жарылып чөп чыксын, желин айрылып сүт чыксын! Мамлекетибиз биримдикте өнүгүп, жергебизде кырсык болбосун! Көчүбүз бузулбасын, учугубуз уланып, келечегибиз кеӊ болсун!

Связанный пост