Бишкекте мечиттен өрт чыгып, жалыны 4 контейнерди каптаган

 Бишкекте мечиттен өрт чыгып, жалыны 4 контейнерди каптаган
Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндө жайгашкан “Дордой Мурас” базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыгып, өрттүн жалыны жанындагы 4 контейнерге өттү. Бул тууралуу КР ӨКМ маалымат борбору кабарлады.
Өрттү өчүрүүгө саат 01:38ден тарта ӨКМдин Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 02:19да чектөөгө алынып, саат 04:03дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 230 чарчы метр мечиттин 1 бөлмөсү, кароолчу отурган бөлмө жана мечитке жанаша жайгашкан 4 контейнер толугу менен күйгөн.
Такталган маалыматка ылайык жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Связанный пост