Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү коммуналдык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте шаардын бардык кичи райондорундагы жашылдандыруу жана ирригациялык тармактардын абалы менен таанышты. Мэр ирригациялык системалардын жана жашыл аянтчалардын абалына өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга МАБдар менен биргеликте эки жуманын ичинде ирригациялык тармактарды реконструкциялоо жана зарыл болгон жерлерге арыктарды ачуу боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды. “Шаар ичинде […]Читать далее
2023-жылдын 27-мартында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан ЭТУнун активдүү жактоочусу, 1995-жылы туулган, Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалды. Ал мурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн. Кармалган 2022-жылдын аягында Кыргызстандан чыгып кеткен, ал ЭТУнун тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирия Араб Республикасына өтүп кетүүгө аракет кылган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Кыргыз […]Читать далее
Бүгүн, Жарандык коргонуу башчысы А.Сыргабаевтин тапшырмасына ылайык облус аймагында кооптуу аймакта жашаган тургундар массалык түрдө коопсуз жайларга көчүрүлүүдө. Жаз мезгилинде кооптуулук күч алган жер көчкү, суу ташкыны жана таш кулоо коркунучу бар аймактарга адистер тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, кооптуулук жогору экендиги аныкталып, коопсуз жайга көчүрүү мезгилдин талабы болууда. Көчүрүү иштерине Жарандык коргоону башчысынын орун басары […]Читать далее
Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Отурумунун жыйынтыгында төмөндөгү документтерге кол коюлду: – Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынынын протоколу; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-мартта, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Жолугушуу Бишкекте боло турган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 24-жыйынынын алкагында өттү. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн элдеринин боордоштугу, алардын тарыхый жана маданий жалпылыгы Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги фактору […]Читать далее
Оңдоо-курулуш иштери 90% га бүткөрүлүп, жарык берүүчү тирөөчтөр карама-каршы орнотулуп, электр энергиясы өткөрүлөт. Коопсуздук камерасын орнотуу да планда бар. Учурда толугу менен Бишкек санитардык полигонунун түштүк жана чыгыш тарабынан тосмо орнотуу аяктады, иш батыш бөлүгүндө улантылууда. Тосмо орнотулгандан кийин, полигондун периметри боюнча тротуарды төшөө иштери башталат. Топурактын көлөмүн азайтуу жана тигүү калдыктарын утилдештирүү үчүн жабдуулар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Көл шаарында жайгашкан Токтогул ГЭСтеринин каскадынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Алсак, Токтогул ГЭСтеринин каскадынын негизги ишмердүүлүгү электр энергиясын үзгүлтүксүз өндүрүү жана керектөөчүлөргө бөлүштүрүү болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын 80%дан ашыгы аталган каскаддын ГЭСтеринде өндүрүлүп, курамына Токтогул жана Күрпсай ГЭСтери кирет. 1975-жылы […]Читать далее
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 11:22де Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун, Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
“Учкун” басмаканасында ID-card, айдоочулук күбөлүк, унаалардын техникалык паспортун даярдап баштайт
Президент Садыр Жапаров “Учкун” басмаканасын жаңылоо жана анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тапшырмасын койгон. Басмаканада буга чейин аттестат, күбөлүктөр, дипломдор сыяктуу жөнөкөй мамлеттик иш кагаздар гана басылчу. Көп нускалуу китептерди басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү дагы аз болгон. Буга байланыштуу окуу куралдары жеке компаниялар тарабынан даярдалып келет. Учурда “Учкунга” чет өлкөдөн жаңы заманбап техникалар келип түшүп, жаңылоо иштери […]Читать далее