Эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу кармалды

 Эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу кармалды

2023-жылдын 27-мартында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан ЭТУнун активдүү жактоочусу, 1995-жылы туулган, Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалды. Ал мурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.
Кармалган 2022-жылдын аягында Кыргызстандан чыгып кеткен, ал ЭТУнун тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирия Араб Республикасына өтүп кетүүгө аракет кылган.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 2-бөлүмү (“Кылмыш жасоого аракеттенүү” – “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Связанный пост