КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев АРИС уюмунун эксперти Азамат Мукашевди жана АгроВей компаниясынын жетекчиси Кайыркуль Казылаеваны кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. АРИС Баткен облусун өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк Банк тарабынан колдоого алынган чоң программанын айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорун ишке ашырат. […]Читать далее
2023-жылдын 14-апрелинен 17-апрелине чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана бир катар унаа жолдордо: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу); Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 72-107 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак […]Читать далее
Бүгүн, Туризм департаментинин жана Ала-Арча мамлекеттик паркынын жетекчилиги кызматкерлери менен бирге туристтик тейлөө борборун салуу максатында тийиштүү инвесторго жер аянтчаларын көрсөтүштү. Мерчемделген туристтик тейлөө борбору кафетерий, намазкана, заманбап даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борбор жана сувенирлерди туристтерге сунуштоо жайы сыяктуу компоненттерди камтыйт.Читать далее
Кыргыз Республикасы суу ресурстарын кылдат башкарууну жактайт жана “ар бир тамчы маанилүү” принцибинде иш алып барат. Биз Борбор Азиядагы уникалдуу мамлекеттердин бирибиз, ал жерде суу ресурстары толугу менен өзүбүздүн мөңгүлөрдөн түзүлөт. Дарыялардын орточо жылдык агымы 48,7 куб километрди түзөт. Бул факт менен биздин өлкө региондук масштабда дарыя агымынын калыптануу зонасы болуп саналган мамлекеттердин катарына кирет. […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы №20 бала бакчада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө. Бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө менен бирге кайра пландаштыруу жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө иштин 80%ы бүткөрүлдү. Ички жасалгалоо иштери, ошондой эле учурда бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Мектепке чейинки мекемелердин имаратынын конструкциясы эки кабаттуу. Имараттын аянты 1231 м2, ал эми аянты 0,52 га […]Читать далее
2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова T’way авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын ТИМнин сайтында маалымдалды. Жолугушуунун жүрүшүндө корей тарап 2023-жылдын 11-июнунан тартып жайкы мезгилге жума сайын (жекшемби күндөрү) түз аба каттамы ачуу пландалганы тууралуу маалымат берди. Ёнг Хонг Гён Кыргызстанга аба каттамдарды аткаруу үчүн жаңы Boeing 737 […]Читать далее
Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, Дэн Сяопин проспекти менен Б.Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде кирүү белгиси салынууда. Бүгүнкү күндө инженердик тармактарды чыгаруу жана стеланы (бийиктиги 11м) куруу иштери аяктады. Айланасын көрктөндүрүү, тамгаларды (Бишкек) жана ак илбирсти орнотуу үчүн стеланы сырдоо иштери жүргүзүлүп жатат.Читать далее
«Бишкекгаз» шаардык газ кызматы 17-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек шаарынын Садыгалиев – Волков дареги боюнча жайгашкан төмөнкү басымдагы газ өткөргүчкө кайрадан курулган газ өткөргүчтү кошуу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөөрүн маалымдайт. Ушуга байланыштуу, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт: Волков, Ден Сяопин, Патриса Лумумбы, Владимировская. «Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну […]Читать далее
2023-жылдын 1-кварталында Мамлекеттик салык кызматы өндүрүлгөн пиво продукциясынан 129,4 млн сом акциз салыгын чогулткан. Бул тууралуу КРнын МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Бул көрсөткүч белгиленген пландан жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге ашыкча аткарылган. Жыйымдардын өсүшү 2023-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында сыра продукциясын милдеттүү маркалоону киргизүүнүн негизинде камсыздалды. Мындан тышкары, салык органдары тарабынан алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүнө көзөмөлдүн күчөтүлүшү салыктын чогултуунун эки […]Читать далее
Борбор калаанын мэри швейцариялык “Бартолет” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту
Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров швейцариялык “Бартолет” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Бартолет Роланд менен жолукту. Жолугушууга шаар куруу, энергетика, комплекстүү долбоорлор боюнча швейцариялык компаниянын өкүлдөрү да катышты. Өз кезегинде мэр транспорт инфраструктурасынын маанилүү өнүгүп жатканын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.Читать далее