ӨКМ: Жолдор тайгак болуп, муз тоңот  

 ӨКМ: Жолдор тайгак болуп, муз тоңот   

2023-жылдын 14-апрелинен 17-апрелине чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана бир катар унаа жолдордо:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 72-107 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

“Урматтуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр! Алыска сапар чыгууда сак болуңуз. Жаныңызга дары-дармек, кургак тамак-аш, суу, жылуу кийим алыңыз. Унааңыздын ичинде дөңгөлөк чынжырчасы, күрөкчө, медициналык куту болушу зарыл”,-деп белгилейт ӨКМ.

Связанный пост