Экономика

Лондондо санариптик соода коридорлорун түзүү маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Лондонго болгон жумушчу сапарынын алкагында 1881-жылы негизделген жана борбордогу тармактык жана соода-сатык иштерин жүргүзүү менен алектенген эң ири көз карандысыз жана бизнести колдоо уюм болгон Соода-өнөр жай палатасына барды. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Эки тарап мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Лондондун […]Читать далее

Коом

“Чоң-Кемин” жаратылыш паркында 15 миң көчөт отургузулду

26-апрелде “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркында бак-дарактарды масштабдуу отургузуу иш-чарасы ɵттү. Иш-чараны КР Жаратылыш ресурстары министрлиги “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашырууда. 15 миңге жакын көчөт: жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактар отургузулду.Читать далее

Өкмөт

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандагы кытайлык ишкерлер менен

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын Ли Юэ мырза баштаган өкүлдөрү менен жолукту. Жолугугууда тараптар өзгөчө соода-экономикалык кызматташууну илгерилетүү максатында биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда чет өлкөлүк капиталды коргоонун жана сактоонун мамлекеттик гарантияларын камсыз кылуу жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу […]Читать далее

Президент

Электр кубатына болгон тариф, суу маселеси. Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган кезектеги маегинде 1-майдан тарта электр кубатына болгон тарифтин жогорулашы, суу маселесине байланыштуу узатылган суроолорго жооп берди.   — Мынакей электр кубатына болгон тариф 1-майдан тарта көтөрүлүп жатат. Айрым эл өкүлдөрү тарифтин көтөрүлүшүн дагы сындап, буга чейинки президенттер да тариф көтөрөбүз дегенде эл толкуганын айтып киришти. Буга кандай комментарий берет элеңиз? […]Читать далее

Коом

Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-апрель күнү саат 23:23тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Кара-Суу, Табылгыты жана Өрнөк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее

Өкмөт Эл аралык мамилелер

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу өз ара кызматташуунун эки жакты тең кызыктырган маселелердин кеңири топтомун талкуулашты. Тараптар Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Өзбекстан Республикасына жакында […]Читать далее

Өкмөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкент шаарына

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) келди. Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы 27-апрелде Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өтүүчү жана дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнүн 2500 өкүлдөрүн чогулткан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ишине катышат. Акылбек Жапаров […]Читать далее

Коом

Ош шаарында “Кыргыз наркындагы жаштардын орду” аттуу форуму өттү

Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде өткөн “Кыргыз наркындагы жаштардын орду” аттуу форумга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана Ош шаарынын жаштары, жогорку окуу жайлардын студенттери катышышты. Форумдун алкагында Мамлекеттик катчы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында форумдун катышуучуларына баяндама жасады. Андан сырткары […]Читать далее

Коом

Сосновка постунда видеобайкоо орнотулгандан кийин төлөм чогултуу 49%га өстү

Сосновка постунда видеобайкоо орнотулгандан кийин төлөм чогултуу 49%га өстү. Бул тууралуу КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, Сосновка жана Кара-Көл постторунда быйыл төлөм чогултуу көбөйгөнүн билдирди. Анда министр эми каражаттар сол чөнтөккө эмес, мамлекеттин казынасына түшүүдө деп жазган. Тилек Текебаев министрлик кызматка киришкенден кийин эле Сосновка […]Читать далее

Өкмөт

Ведомстволор аралык жумушчу комиссия энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга жарактуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана чакан ГЭСтерди куруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышы каралды. Бакыт Төрөбаев өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого, электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга, ошондой эле энергетикалык ресурстарды […]Читать далее