Лондондо санариптик соода коридорлорун түзүү маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Лондонго болгон жумушчу сапарынын алкагында 1881-жылы негизделген жана борбордогу тармактык жана соода-сатык иштерин жүргүзүү менен алектенген эң ири көз карандысыз жана бизнести колдоо уюм болгон Соода-өнөр жай палатасына барды. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Эки тарап мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Лондондун Соода-өнөр жай палатасы бизнес менен иштөө жана Кыргызстан менен инвестиция тартуу боюнча кеңири маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирди.

Темир Сариев ошондой эле тез өнүгүп жаткан, эл керектөөчү товарларды сатуу менен алектенген Sun Mark компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Компания 1995-жылы негизделген жана бир нече филиалы Гринфорддо, Эйлингде, Лондондо жайгашкан. Ал өзүнүн бренддери менен товарлардын кеңири спектрин сатат жана дүйнөнүн 130дан ашуун өлкөсүнө экспорттойт. Тараптар Кыргызстан менен мүмкүн болгон кызматташууну талкуулашты.

Мындан тышкары, КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Санарип коридорлору боюнча Экспорт жана эл аралык соода институтунун жетекчилиги менен жолугушту. Алар санариптик соода коридорлорун киргизүү боюнча пилоттук долбоорлорду түзүү маселесин талкуулашты, ал эксперттердин айтымында, өлкөлөрдүн экономикасын колдоого жана мамлекеттер ортосундагы соода жана инвестициялык мамилелерди олуттуу жакшыртууга жардам берет.

Связанный пост