Коом

Эки ишкана Россияга балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт

“Аква Пром” жана “Тянь-Шань-Фиш” ишканалары Россия Федерациясына балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт 2023-жылдын 25-26-апрель күндөрү Ветеринардык кызматтын инспекторлору тарабынан “Аква Пром” ЖЧК жана “Тянь-Шань-Фиш” ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгүнө онлайн текшерүү жүргүзүлдү. 2023-жылдын 27-апрелиндеги Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын № ФС-АК-7/10525 катына ылайык, жүргүзүлгөн инспекциянын негизинде 2023-жылдын 28-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Россия […]Читать далее

Коом

Баткенде алгачкы ирет “Кыргыз ажары-Баткен килеминде” аттуу кароо-сынак фестивалы өттү 

Бүгүн 28-апрелде Баткен шаарында “Кыргыз ажары- Баткен килеминде” кароо-сынак фестивалы өттү. Аталган кароо-сынак фестиваль быйыл алгачкы ирет уюштурулду. Фестивалга конок болуп биринчи айым Айгүл Жапарова катышып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөгө коюлган килемдерин, кол эмгектерин көрүп, тар, килем согуу мастер классы менен таанышты. Ошондой эле маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары Айнура Аскарова, Самат […]Читать далее

Коом

Борбор калаада көптөгөн курулуш компанияларынын эреже бузгандары аныкталды

Борбор калаадагы курулуш уюмдары жол жээгинин булганышына жол бербөө боюнча чараларды көрүшпөй, көрктөндүрүү эрежелерин бузууда. Көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекциясы мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен биргеликте курулуш объектилеринде рейддерди өткөрүүдө. Бул жолу 39 ишкана текшерилип, дээрлик бардыгында мыйзам бузуулар табылган. Объекттин айланасында тазалык жана тартип сакталбаганы үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин […]Читать далее

Коом

Бишкекте 11 километрлик канализациялык коллектордун курулушу уланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги жана эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү жаңы курулуп жаткан канализациялык коллектордун курулуш иштери менен таанышып чыгышты. Иш-чарага Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер,  Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча аймактык жетекчиси Айтен Рустамова, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышышты. Азыркы учурда Пригородное айылындагы […]Читать далее

Аймак Uncategorized @kg

Бир жарым айда көлдүн түбүнөн 3,7 тонна ар кандай таштанды

ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелеринде таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин жүргүзүүдө. 47 күндө көлдүн түбүнөн 3700 кг ар кандай таштанды жана 47 000 метр тор чыгарышты. Учурда Ысык-Көлдүн 50 530 гектардан ашык аянты тазаланды. Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан арылтуу иш-чарасы 12-марттан […]Читать далее

Коом

Бишкек-145: Чүй проспектисинде унаа кыймылы токтотулат

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 29-апрелде саат 16:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы  үчүн жабылат. Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында майрамдык концерттин өтүшүнө байланыштуу унаа кыймылына чектөө киргизилет. Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана каттамдары алдын ала пландаштырылышын суранат.Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев ТүркПАнын Кеңешинин жыйынына катышты

Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасынын Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Жыйын Төрага Нурланбек Шакиевдин демилгеси менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондорду эскерүү менен башталды. Андан соң Жогорку Кеңештин Төрагасы […]Читать далее

Uncategorized @kg Кадр саясаты

Бишкекте мектеп окуучуларына жана жумушсуз жарандарга 6 миңден ашык бош

28-апрелде Бишкек шаарында бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси болуп өттү. Мында бир аянтчага калаадагы IT, курулуш, тейлөө, мейманкана, ресторан, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт, медицина жана башка тармактарда иш жүргүзгөн 70тен ашык алдыңкы компаниялар чогулган. Ошондой эле 10 университет, 20 профилдик лицей жана окуу борборлору окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Мектеп окуучуларына, жаштарга жана жумуш […]Читать далее

Аймак Коом

Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 социалдык объект пайдаланууга берилет

Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык Кеңештин төрагасы Салман Назилбеков, шаардагы мекеме-ишканалардын, жетекчилери катышты. Күн тартибинде эки маселе каралды. Мында капиталдык курулуш башкармалыгынын 2022-жылда жана 2023-жылдын 4 ай ичинде аткарган иштери жана “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын 2022-жылда жана 2023-жылдын 4 ай ичинде аткарган иштери боюнча […]Читать далее

Өкмөт

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата дарыясында курулуп жаткан

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата дарыясында курулуп жаткан кичи ГЭСтин курулушу менен таанышты. Бул объектке баруу энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иш-чараларынын алкагында уюштурулду. Жыйынга энергетика тармагындагы ассоциациялардын жана бирикмелердин, жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө энергиянын […]Читать далее