Төрага Нурланбек Шакиев ТүркПАнын Кеңешинин жыйынына катышты

Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасынын Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Жыйын Төрага Нурланбек Шакиевдин демилгеси менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондорду эскерүү менен башталды.

Андан соң Жогорку Кеңештин Төрагасы быйыл ТүркПАнын түзүлгөнүнө 15 жыл толгонун белгилеп: “Бул жылдар аралыгында көптөгөн долбоорлор даярдалып, ишке ашырылды. Боордош элдердин ынтымагын арттырган демилгелер мүчө өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан ар дайым колдоого ээ болуп келди”, – деди.

Муну менен катар глобалдык өзгөрүүлөрдүн алкагында алакаларды жаңы багытта өнүктүрүү зарылчылыгына токтолгон Нурланбек Шакиев: “Ынтымак – бейкуттуктун көрөңгөсү, ымала – ырыстуу элдин жөрөлгөсү” – деп кыргыз элинде айтылгандай, бүгүнкү шарттарда боордош элдердин ынтымагы тыгыз кызматташтык менен өнөктөштүктүн негизги пайдубалы экени анык. Андыктан, тарыхый байланышыбызга таянуу менен мындан ары да алакабызды арттыруубуз кажет. Биз биргелешкен аракеттер аркылуу гана саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбызды чыңдай алабыз”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Түркияга өтүп жатканын айткан Нурланбек Шакиев Ассамблеянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Связанный пост