Бишкекте мектеп окуучуларына жана жумушсуз жарандарга 6 миңден ашык бош орундар сунушталды 

28-апрелде Бишкек шаарында бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси болуп өттү. Мында бир аянтчага калаадагы IT, курулуш, тейлөө, мейманкана, ресторан, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт, медицина жана башка тармактарда иш жүргүзгөн 70тен ашык алдыңкы компаниялар чогулган.

Ошондой эле 10 университет, 20 профилдик лицей жана окуу борборлору окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Мектеп окуучуларына, жаштарга жана жумуш издеген жарандарга ишке орношууга көмөктөшүү, кесипке даярдоо жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилди. Белгилүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер талапкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүштү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, өткөн жылы ишке орноштуруу кызматтары тарабынан өлкө боюнча 100 бош орундар жарманкеси уюштурулган.

“Өткөн жылы биз өлкөдөгү жумушсуздардын санын 5%га кыскарта алдык. Мындай натыйжага ар кандай жигердүү иш-аракеттердин негизинде, кесиптик окутуунун, акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын, эмгек рыногунда өзгөчө талап кылынган кесиптер боюнча ишке орноштуруунун артынан жетиштик.

КР Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен аз камсыз болгон 2900 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүү маанилүү иш-чара болду. “Эмгеги үчүн тамак-аш/накталай акча” долбоорунун алкагында жер-жерлердеги инфраструктураны жакшыртуу боюнча 845 долбоор ишке ашырылган.

Долбоорлорго 153,4 миң адам же дээрлик ар бир үчүнчү аз камсыз болгон үй-бүлө катышты. 4 миң тоннадан ашык ун жана 33 млн сомдон көп акча бөлүштүрүп берилди”, – деди министр.

Кудайберген Базарбаев учурда министрлик тарабынан ачылган кесипке багыт берүү Борборлору Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Баткен шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда иштеп жатканын баса белгиледи. Бул борборлор сапаттуу кеп-кеңештер кызматын көрсөтүү менен жаштарга кесип тандоодо туура чечим жасоого жана өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө көмөктөшүүдө.

Иш-чара Германия өкмөтүнүн буйругу менен Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) ишке ашырылып жаткан «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» кыргыз-герман долбоорунун колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы , ЖИА Бизнес-ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Связанный пост