Милиция кызматкерлерине биринчи медициналык жардам кѳрсѳтүү боюнча сабак өтүлдү

 Милиция кызматкерлерине биринчи медициналык жардам кѳрсѳтүү боюнча сабак өтүлдү
Бүгүн, 26-октябрда Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун өздүк курамы үчүн Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун инструкторлору Баястан Садыков жана Айдай Сираева экстремалдык шарттарда кан кетүү, сынык, күйүк, эс-учун жоготкон учурда биринчи медициналык жардамды туура көрсөтүү боюнча практикалык көнүгүүлөрдү муляждын жардамы менен кызматкерлерге кѳргѳзүшүп сабак ѳтүштү.
Аталган сабактын негизги максаты бул ар кандай формадагы оор жаракаттардын ырбап кетишине жол бербөө болуп саналат.

Связанный пост