Ильхам Алиев Садыр Жапаровго карабак күлүгүн белек кылды

 Ильхам Алиев Садыр Жапаровго карабак күлүгүн белек кылды

Азербайжандын лидери Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровго карабак күлүгүн белек кылды. Маалыматты “Кабар” агенттигине президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

 

Баалуу белек Агдам шаарында Карабах хандыгынын негиздөөчүсү Панахали хандын сарайы жана анын мүрзөсү жайгашкан 18-кылымдагы сарай комплексине барган кезде тапшырылган.

 

Комплекстин аймагын карап чыккандан кийин президенттерге Азербайжан тукумундагы жылкылар көрсөтүлдү, хан заманында ал жерде аттар сатыкка коюлчу экен.

 

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 24-25-апрель күндөрү Азербайжанда мамлекеттик сапар менен болду.

Связанный пост