ИИМде Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата динамиада башталды

 ИИМде Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата динамиада башталды
1-ноябрь-Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында спорттун жети түрү боюнча мелдеш башталды. Майрамды утурлай жана кызматкерлердин дене-тарбиялык даярдыгын күчөтүү максатында уюштурулуп жаткан мелдештин ачылышына ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги Алишер Барпиев, Кадрлар башкы башкармалыгынын кесиптик даярдоо жана дене тарбия башкармалыгынын начальниги Мамадалы Шакиров жана ошондой эле “Динамо” коомдук бирикмесини биринчи орун басары Төрөкул Мадалиев катышты.
Үч күнгө созулган мелдеште ИИМдин жана аймактардан келген жалпы ондон ашык команда спорттун ордо, дарте, тогуз коргоол, жеңил атлетика, шахмат, кол күрөш жана стол тенниси боюнча күч сынашмакчы.
Өз кезегинде Алишер Барпиев оюнчуларга ийгилик каалап, жогоруда аталган оюндар кызматкерлердин дене-тарбиялык даярдыгын жогорулатуудан сырткары, алардын интеллектулын, маданий баалуулуктарын арттырган ошондой эле милиция кызматкерлери арасында ынтымакты бекемдеген оюндар экенин баса белгиледи.
Мелдеш 28-октябрда жыйынтыкталат.

Связанный пост