Астана шаарында өтүп жаткан АӨИЧК VI саммитинин катышуучулары менен учурашуу аземи болуп өттү

 Астана шаарында өтүп жаткан АӨИЧК VI саммитинин катышуучулары менен учурашуу аземи болуп өттү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, ушул күндөрү Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI Саммитинин катышуучулары менен учурашуу аземине катышты.

Эгемендүүлүк сарайында мүчө-мамлекеттердин, байкоочу-мамлекеттердин, байкоочу уюмдардын, өнөктөш уюмдардын делегация башчыларын, ошондой эле АӨИЧК конокторун Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин АӨИЧК Саммитинин ачылышы болду.

Связанный пост