Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан АӨИЧКга мүчө мамлекеттердин VI саммитинин ачылышына катышат

 Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан АӨИЧКга мүчө мамлекеттердин VI саммитинин ачылышына катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинин ачылышына катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Түз эфир өлкө лидерлеринин чогуу сүрөткө түшүүсү менен Бишкек убактысы боюнча 10:10до башталат.

Связанный пост