30-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын үчүнчү утушу болот

 30-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын үчүнчү утушу болот

2022-жылдын 30-декабрында Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү утушун өткөрөт.

Утуш УТРК жана “Ала-Тоо 24” телеканалдарында жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Саат 15:00дө башталат.

Бүгүнкү күндө лотереяга 176 миңден ашуун адам жалпы суммасы 19 млрд сомго 18,7 млн лотереялык ID-билеттер менен катышууда.

Үчүнчү турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бишкектен 1 бөлмөлүү батир, 2 электромобиль, 12 iPhone 13, 11 Samsung смартфону жана 26 даана ар кандай тиричилик техникалары ойнотулат.

Связанный пост