Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан Парламентинин Сенатынын Төрагасы менен жолугушту

 Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан Парламентинин Сенатынын Төрагасы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарынын алкагында Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту.

Жолугушууда боордош эки элдин кызматташтыгын арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык байланышты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев эки өлкө эгемендүүлүк алган жылдардан бери алакалардын бекем пайдубалы түптөлүп, жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз жолугушуулар жана диалогдор менен чыңдалып келе жатканын баса белгиледи.

“Кыргыз тарап Казакстан Республикасы менен калыптанган стратегиялык өнөктөштүктү жана кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өзгөчө маани берет”, – деген Нурланбек Шакиев Маулен Ашимбаев баштаган коңшу өлкөнүн парламентинин өкүлдөрүн эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык алакалардын 30 жылдыгы менен куттуктады.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин Төрагасы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө парламенттер аралык байланыштын да салымы чоң экенин белгилеп, Парламенттер аралык кеңештин түзүлүшү жана анын 2015-жылдын июнь айындагы биринчи отуруму алакаларды чыңдоодогу башкы кадам болгонун кошумчалады.

Андан тышкары, соода-экономикалык мамилелерге токтолгон Төрага Кыргызстан ишкерлер менен айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана соода тармагындагы тоскоолдуктарды жоюуга гана эмес, товарлардын эркин кыймылын камсыз кылууга багытталган бардык демилгелерди колдой турганын белгиледи. Айрыкча, ЕАЭБ алкагындагы келишимдерди сактоо менен үзгүлтүксүз транзиттик каттамды калыптандыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Муну менен катар эки өлкө ортосундагы алакаларды кеңейтүү маселелерине токтолгон Сенат Төрагасы: “Мамлекет башчыларыбыз да өнөктөштүктү өөрчүтүүгө багытталган маңыздуу чечимдерди кабыл алууда. Соода-экономикалык байланыштарыбыздын көлөмү көбөйүп, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбыз да жигердүү өнүгүүдө. Алсак, ушул күндөрү Астана шаарында Кыргызстандын Маданият күндөрү жогорку деңгээлде өтүп, эзелтен-эриш аркак жашаган эки элдин ынтымагы даңазаланууда. Андыктан калыптанган кызматташтыкты эки жактуу жана көп тараптуу алкакта улантып, бардык багыттагы байланыштарыбызды мындан ары да өнүктүрүүбүз кажет”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле мамилелерди бекемдөөдө парламенттердин да үлүшү маанилүү экенин белгилеп, Нурланбек Шакиевди Түркстан шаарында өтөөрү мерчемделген Орто Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык форумуна катышып кетүүгө чакырды.

Связанный пост