Жогорку Кеңеште бир катар министрлер ант беришти

 Жогорку Кеңеште бир катар министрлер ант беришти

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында бир катар министрлер жогорку трибунадан ант беришти.

Мамлекет башчынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда министрлер кабинетинин төмөнкү мүчөлөрү ант беришти:
– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова;
– транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
– энергетика министри Таалайбек Ибраев;
– маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатын министри Алтынбек Максүтов.

Эскерте кетсек, бүгүнкү жыйында ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралат.

Связанный пост