Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине техникалык жабдуулар тапшырылды

 Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине техникалык жабдуулар тапшырылды
Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин алдындагы Азия Маданий Борборунун өкүлдөрү Улуттук тарых музейинин маалымат системасын ишке киргизүү үчүн техникалык жабдууларды жана материалдарды Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине тапшырды.
Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов менен Корея Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Джэнин катышуусунда өттү.
Ушундай эле техникалык жабдуулар Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы Курманжан-Датка атындагы Көчмөндөр Цивилизациясынын борборуна дагы тапшырылат.

Связанный пост