Женева университети Европа жана эл аралык менеджмент боюнча магистердик программаны сунуштайт

 Женева университети Европа жана эл аралык менеджмент боюнча магистердик программаны сунуштайт
Билим берүү жана илим министрлиги Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен Женева университети тарабынан Женевадагы БУУ менен кызматташтыкта сунушталган европа жана эл аралык менеджмент жөнүндө алдыңкы изилдөөлөр (MEIG программасы) боюнча магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө нота келип түшкөндүгүн маалымдайт.
MEIG программасы европа жана эл аралык башкаруу жөнүндө билимди жана керектүү кесиптик көндүмдөрдү берүүгө багытталган. MEIG программасынын курсу 2023-2024-окуу жылында өтүп, 2023-жылдын сентябрында башталат.
Программага тапшыруунун үч мөөнөтү тастыкталган: 2022-жылдын 15-ноябры, 2022-жылдын 31-декабры, 2023-жылдын 15-февралы.
Талапкерлер стипендия алууга арызды 2022-жылдын 15-ноябрына чейин тапшырышы керек. MEIG программасына кабыл алуу боюнча кененирээк маалымат менен https://www.meig.ch/ сайтынан таанышсаңыз болот.

Связанный пост