Аскерге даярдоо боюнча XXIII спартакиада өтүүдө

 Аскерге даярдоо боюнча XXIII спартакиада өтүүдө
Бүгүн, 25-октябрда “Эмгек резерви” республикалык дене тарбия жана спорт борборунда кесиптик лицейлердин окуучуларын аскерге даярдоо боюнча 23-спартакиада өтүүдө. Ага №4, №5, №18, №20, №27, №97, №99, №100 ж.б. кесиптик лицейлери катышууда.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Асыл Абдыракманова жана ушул эле башкармалыктын жетектөөчү адиси Нурия Жусупбекова катышты.
Спартакиада башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдыгына жана “Эмгек резерви” республикалык дене тарбия жана спорт борборунун 75 жылдыгына арналган.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 27-30-октябрь күндөрү кесиптик лицейлердин окуучуларынын 65-республикалык спартакиадасы өтөт.

Связанный пост