ТМУнун кезектеги Саммитинин жыйынтыгында бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Түркия Республикасынын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:
– Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинин декларациясы;
– Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени” менен сыйлоо жөнүндө чечим;
– Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо жөнүндө чечим;
– Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
– Түрк академиясынын Президентин дайындоо жөнүндө чечим.