“Эксперт” системасы: Окуу китептеринин сапатын текшерүүгө заманбап мамиле
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун төрагалыгы астында 2027–2030-жылдарга карата жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгууга арналган көчмө жыйын өттү.
Жыйында мамлекеттик программанын иш-аракеттер планынын долбоору, ошондой эле окуу китептеринин сапатын камсыздоо, эксперттик баалоо механизмдерин өркүндөтүү жана мектеп китепканаларын санариптештирүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, окуу китептерин эксперттик баалоого адистерди тартууну жеңилдетүү максатында иштелип чыккан “Эксперт” аттуу автоматташтырылган маалымат системасы сунушталды.
Улан Маматканов мамлекеттик программанын долбоорун сапаттуу жана өз убагында иштеп чыгууну, ошондой эле протоколдук тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо боюнча көрсөтмөлөрдү берди. Ал ошондой эле эксперттик топторду түзүү жана алардын жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу багытында ырааттуу иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары окуу китептерине алгачкы буйрутма берүүдөн баштап, аларды басып чыгаруу, таратуу жана түздөн-түз колдонуучуларга жеткирүүгө чейинки бардык процесстерди санариптештирүү зарылдыгына өзгөчө басым жасады.
Мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн жумушчу топтун жыйындары жума сайын өткөрүлүп турары белгиленген.