Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн абадан кол салуудан коргонуу маселеси боюнча комитетинин отуруму өттү

 Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн абадан кол салуудан коргонуу маселеси боюнча комитетинин отуруму өттү

Үстүбүздөгү жылдын 23-24-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин абадан кол салуудан коргонуу маселелери боюнча Координациялык комитеттин (мындан ары – Комитет) 55-отуруму болуп өттү.

КР Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, отурумга Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн делегациялары катышууда.

Жыйындын катышуучуларына Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраев куттуктоо сөзү менен кайрылып, аларга жемиштүү жана конструктивдүү иш каалап кетти.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар комитеттин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ошондой эле 2023-жылы КМШ катышкан мамлекеттердин бириккен абадан кол салуудан коргонуу системасынын биргелешкен иш-чараларын өткөрүү маселелерин жана комитеттин кезектеги отурумун өткөрүү убактысын талкуулашты.

Комитеттин отуруму үстүбүздөгү жылдын 24-августунда КМШга мүчө мамлекеттердин бириккен абадан кол салуудан коргонуу системасынын аба-космостук күчтөрүнүн башкы колбашчылары менен окуу-методикалык жыйынын өткөрүү менен аяктады.

Маалымат: КМШга катышкан мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешининин абадан кол салуудан коргонуу маселелери боюнча Координациялык комитеттин иш-чаралары 1995-жылдын 10-февралында Алматы шаарында кол коюлган. КМШга мүчө мамлекеттердин Бириккен абадан кол салуудан коргонуу системасын түзүү жөнүндө макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.

Связанный пост