Images

Укук тартиби

«Түндүк-Чыгыш» бажысы жалган декларациялоо фактысын аныктады, келтирилген зыяндын суммасы 5

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө жалган декларациялоо фактысын аныкташкан. Бул тууралуу  КР Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Кытайдан «Н.О.Л.» ЖЧК дарегине «Volvo» маркасындагы жүк ташуучу унаада байпак товары келген. Автоунааны бажылык […]Читать далее

Кырсык

Ош: Өзгөн районунда жер көчкү түштү

Бүгүн саат 05:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу КР ӨКМ маалымат борбору кабарлады. Жер көчкү аталган тилкедеги 18 турак үйгө коркунуч жаратып, үйлөргө 300 метр аралык калган. Жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. Буга […]Читать далее

Министрлер кабинети

Баалуу металлдарды ташып чыгууга чектөөлөр киргизилди

Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөр киргизилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Анын негизги максаты ата мекендик зергерчилик тармакты коргоого жана баалуу металлдарды, курамында баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүдө ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Министрлер Кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө 13 маселе каралды жана анын басымдуу бөлүгү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө болду. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга […]Читать далее

Кырсык

Кыргызстанда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-март күнү, саат 22:47де Афганистан Республикасынын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргызстандын Ош облусу, Жалал-Абад облусу жана Баткен облусунда 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее

Кырсык

Бишкекте мечиттен өрт чыгып, жалыны 4 контейнерди каптаган

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндө жайгашкан “Дордой Мурас” базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыгып, өрттүн жалыны жанындагы 4 контейнерге өттү. Бул тууралуу КР ӨКМ маалымат борбору кабарлады. Өрттү өчүрүүгө саат 01:38ден тарта ӨКМдин Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 02:19да чектөөгө алынып, саат 04:03дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн […]Читать далее

Маданият

Бишкектин айрым райондорунда 2 күн газ болбойт

Бишкек шаарынын айрым райондорунда 2 күн газ болбойт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасы билдирет. Маалыматка ылайык, 22-марттан 23-мартка чейин Көлмө жаңы конушунун Дастан, Максат, Медина, Мыскал, Кулиев көчөлөрүндө, ошондой эле Лермонтов, Восточная, Ибраев, Ленин көчөлөрү кесилишкен аймакта, мындан сырткары, Фрунзе, Коенкозов, Манас, Чүй простпектилери кесилишкен аймакта газ өчүрүлөт. Газ орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө сызылып чыккан газды […]Читать далее

Коом

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу кеңейтилүүдө

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 40,3-46,9 км бөлүгүндө (Ноокат району) жер жери менен жолду бак-дарактардан тазалоо, жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Азыркы тапта жолго шагыл материалын төгүү, тегиздөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле асфальттын эски катмарын сыйрып алып, жаңы катмар төшөөгө тезиздөө жана даярдоо өтүүдө. Белгилей кетсек, жолду кеңейтүү иштерин КР ТжКМне […]Читать далее

Коом

Нооруз майрамынан кийин аянттан үч тонна таштанды чыгарылды

Нооруз майрамынан кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ала-Тоо» аянтынан 3 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Таштандыларды чогултууга ишкананын 30 кызматкери, 1 атайын техника жана 1 сугаруучу машина  тартылган. Мэрия таштандыларды челектерге салып,  шаардык кызматкерлердин эмгегин сыйлооңуздарды өтүнөт.Читать далее

Жогорку Кеңеш

Бишкекте Нооруз майрамына карата иш-чара болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөн Нооруз майрамына катышты. Иш-чара жаратылыштын ойгонушу, жаздын келиши жана жаңы жашоонун башталышы тууралуу театралдаштырылган пролог менен башталды. Андан кийин Мамлекет башчысы куттуктоо сөз сүйлөп, Нооруз эзелтен бери достуктун, биримдиктин майрамы катары белгиленип келгенин айтты. Ал Кыргызстандын акыркы эки жылда тилектештиктин жана бирдиктүү […]Читать далее