Galleries

Министрлер кабинети Эл аралык мамилелер

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Отурумунун жыйынтыгында төмөндөгү документтерге кол коюлду: – Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынынын протоколу; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз […]Читать далее

Президент Эл аралык мамилелер

Президент Садыр Жапаров Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-мартта, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Жолугушуу Бишкекте боло турган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 24-жыйынынын алкагында өттү. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн элдеринин боордоштугу, алардын тарыхый жана маданий жалпылыгы Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги фактору […]Читать далее

Укук тартиби

Бажычылар 6 млн сомдон ашык баадагы белгилүү бренддердин товарларын контрабандалык

«Манас» бажысынын Контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМК кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө, «Манас» аэропортунун аэробекет комплексинде жүргүнчүлөргө бажы көзөмөлдөө жүргүзүүдө контрабандалык товарларды алып өтүү фактысын табышкан. «Манас» эл аралык аэропортунун келүү зонасында бажы көзөмөлүнүн аймагынан өтүүдө КР жараны жалпы таза салмагы 51,70 […]Читать далее

Аймак

Аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүү улуттук борборунун курулушу уланууда

КР Айыл чарба министри А.Джаныбеков Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жайгашкан ММ “Тоң балык өстүрүү заводунун” базасындагы “Аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүүнүн улуттук борборунун” курулушу менен таанышты. Долбоор 2022-жылдын 22-октябрында “КР АЧМ менен Корей деңиз институтунун ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө” меморандумдун негизинде ишке ашырылууда. Долбоордун мөөнөтү 2022-жылдын октябрь айынан тарта, 2026-жылдын декабрь айына […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды

Мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Аталган а/а жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн Кызыл-Туу […]Читать далее

Укук тартиби

Ак-Ордодогу жер маселеси: Бир канча кызмат адамдары камакка алынды

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду. Текшерүүдө, Сокулук районундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызмат адамдары  жана башка алдамчылык жолу менен жер сатуу менен алектенген […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта, өлкөдө аккредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Ишеним грамоталарын Австралия Союзунун элчиси Грейм Лесли Михан, Аргентинанын элчиси Эдуардо Антонио Зуаин, Чили Республикасынын элчиси Эдуардо Эскобар, Жаңы Зеландиянын элчиси Сара Мэри Уолш, Эквадор Республикасынын элчиси Хуан Фернандо Ольгино Флорес, Бенин Республикасынын […]Читать далее

Коом

Карылар үчүн алты үй-интернаттын ремонтуна 27 млн сом коротулду

Бүгүн, 28-мартта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Оливье Бангертер менен биргеликте Жайыл психоневрологиялык интернатынын имараттарын капиталдык оңдоо иштерин текшеришти. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Социалдык мекемеде психикалык жактан жабыркаган 247 аял жашайт. Швейцария элчилигинин колдоосу менен социалдык камсыздоо системасынын алты […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгамды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта Пакистан Ислам Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгамды ишеним грамоталарын тапшырганына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы элчини миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердигинде ийгиликтерди каалады. Садыр Жапаров боордош Пакистан элин ыйык Рамазан айы менен да куттуктады. Ошону менен бирге 21-мартта Пакистанда болгон катуу жер […]Читать далее

Укук тартиби

Милицияга №63 мектеп-гимназиянында бомба коюлган деген маалымат келип түштү

Бүгүн саат 09:43 чамасында Бишкек шаардык ИИБнын 102 кызматына №63 мектеп-гимназиянында бомба коюлган деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнин басма-сөз кызматы билдирди. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын жетекчилиги, Октябрь райондук ИИБнын тергөө-ыкчам тобу дароо жөнөп кетишкен. Окуучулар жана мектеп кызматкерлери эвакуацияланды.Читать далее