Ак-Ордодогу жер маселеси: Бир канча кызмат адамдары камакка алынды

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду.

Текшерүүдө, Сокулук районундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызмат адамдары  жана башка алдамчылык жолу менен жер сатуу менен алектенген адамдар материалдык кызыкчылыктарды көздөшүп, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында укукка жат туруктуу байланыш түзүшүп,  Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерди документтерди жасалмалоо менен жеке менчикке чыгарып, сатышкандыгы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары, башкармалыктын адиси, райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, аталган кызматтын мурунку картографы кармалышты.

Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Связанный пост