Баткенде социалдык-экономикалык 8 долбоор ишке ашат
Баткен облустук өнүктүрүү фондунун кезектеги жыйынында аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган 16 долбоор каралды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө долбоорлордун максаттары, күтүлгөн натыйжалары жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, белгиленген талаптарга жооп берген 8 долбоор колдоого алынды.
“Аталган долбоорлор аймактарды өнүктүрүүгө, калктын жашоо шартын жакшыртууга, ишкердикти колдоого жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган”, – деди ал.
Жыйында долбоорлорду сапаттуу жана өз мөөнөтүндө ишке ашыруу боюнча тиешелүү тараптарга тапшырмалар берилди.