VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда майыптыгы бар 115 жаран атайын транспорт кызматынан пайдаланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Оюндардын өтүшүн жеткиликтүү кылуу жана майыптыгы бар жарандарды коштоп жүрүү үчүн социалдык коргоо системасынын 100гө жакын кызматкери тартылган. Алар иш-чаралар өтүп жаткан аймактарда багыт алууга көмөктөшүп, зарыл болгон консультацияларды беришкен. Мындан тышкары, майыптык […]Читать далее
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине жана көк бөрү, көкпар оюндарынын финалдык оюндарына билеттер калган жок. Буга байланыштуу оюндардын медиа штабы расмий эмес маалыматтардан, булактардан жана жасалма билеттерден сактанууга чакырат. “Жогоруда аталган иш-чаралар өтүп жаткан учурда билеттер күчөтүлгөн тартипте текшерилет”, – деп белгилешти медиа штабдан.Читать далее
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата 37 миңден ашык билет сатылды. Бул тууралуу бүгүн оюндардын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов билдирди. Анын айтымында, билеттерди сатуу жана эсепке алуу үчүн атайын улуттук электрондук билет системасы — e-nebs.gov.kg иштелип чыгып, билеттер аталган система аркылуу сатылган. “2026-жылдын 5-сентябрына карата […]Читать далее
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга 15 миңден ашык ички иштер кызматкери тартылды. Бул тууралуу оюндардын жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди. Анын айтымында, оюндар өтүп жаткан аймактарда 5 миңден ашык кызматкер кызмат өтөп, негизги объектилер күнү-түнү кайтарууга алынган. Ошондой эле […]Читать далее
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда Кырчын капчыгайында 200дөн ашык адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, ылайга тыгылган 60тан ашык унааны чыгарууга көмөк көрсөтүлдү. Бул тууралуу оюндардын жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов билдирди. Анын айтымында, оюндардын катышуучуларынын, конокторунун жана көрүүчүлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ӨКМдин күчтөрү жана каражаттары жогорку […]Читать далее
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде Ысык-Көл облусунун негизги аянтчаларында медициналык камсыздоо күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлдү. Бул тууралуу оюндардын жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, медициналык жардам көрсөтүүгө республикалык жана аймактык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынан 340тан ашуун кызматкер тартылган. Оюндардын аянтчаларында […]Читать далее
Чолпон-Ата шаарындагы “Көк бөрү” аренасында өткөн финалдык оюндарга кирбей калган же аренага кирип, орундуксуз калган көрүүчүлөргө билеттин акчасы кайтарылып берилет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктарына арналган маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, уюштуруу комитети тарабынан бир билеттин кайтарылуучу наркы 1000 сом өлчөмүндө белгиленди. Электрондук система аркылуу […]Читать далее
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышты. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Үсөнбеков маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйылкы оюндар Кыргызстандын демилгеси менен кайрадан өлкөдө өткөрүлүп, мелдештер спорттун 42 түрү боюнча уюштурулду. “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык Казакстанда өткөн 2024-жылдагы оюндар аяктагандан кийин дароо […]Читать далее
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн чет өлкөлөрдөн 250гө жакын журналист келди. Бул тууралуу оюндардын жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов билдирди. Анын айтымында, эл аралык медиалардын арасында BBC, Euronews, Agence France-Presse, TRT AVAZ, I.R.I.B NEWS, The New York Times, CNN International, National Geographic, Associated […]Читать далее
Бишкекте өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Кыргызстанды дүйнөгө кеңири таанытууга чоң мүмкүнчүлүк түздү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, ачылыш аземи Кыргызстанды дымактуу, өнүгүп жаткан, маданияттуу жана уюшкан өлкө катары көрсөттү. ”Иш-чараны дүйнөлүк футбол мелдештеринин жана Олимпиада оюндарынын ачылыш аземдери менен салыштырып, жогорку […]Читать далее