“Северэлектро” ААКнун мурдагы башкы директору кармалып, жоопкерчиликке тартылды

 “Северэлектро” ААКнун мурдагы башкы директору кармалып, жоопкерчиликке тартылды

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Северэлектро” ААКнун кызмат адамдары 107 даана күч трасформаторлорун сатып алууда билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз контракт түзгөндүктөн, мамлекетке өзгөчө ири 3 млн 949 миң 500 сом зыян келтирилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш иштин алкагында “Северэлектро” ААКнун мурдагы башкы директору К.А.Т. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз контракт түзүү”) менен шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган жаран жогоруда белгиленген беренелердин негизинде айыпкер катарында жоопко тартылып, анын бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна тийиштүү өтүнүчтөр келтирилип, учурда кароо стадиясында турат.

Бүгүнкү күндө аталган кылмыш ишке тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Связанный пост