Россия курамасы көк бөрүдөн дагы, көкпардан дагы 3-орунду ээледи

Россиянын курамасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар мелдештеринен үчүнчү орунду ээледи.

Көкпар боюнча коло медаль үчүн болгон беттеште Россия Өзбекстандын курамасын 5:4 эсебинде жеңди.

Ал эми көк бөрү боюнча үчүнчү орун үчүн мелдеште Россия Тажикстандын курамасын 3:0 эсебинде утуп, коло медалга ээ болду.

Курама команда көк бөрү мелдешинде 2,5 млн сом утуп алса, көкпар мелдешинде 1 млн сом байгеге татыды.

Мелдештер Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында өттү.

Эске салсак, бүгүн, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештер өттү.

Анда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары кез келип, көк бөрү оюну боюнча 12:0 эсебинде, ал эми көкпар оюну боюнча 7:2 эсебинде Кыргызстан командасы жеңишке жетти.

Связанный пост