Көчмөндөр оюндары: Жол кыймылы көзөмөлдө, тыгын жок
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында негизги багыттардагы жол кыймылы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын көзөмөлүндө.
Башкармалыктын маалыматына караганда, учурда Бает айылындагы, ”Чайка Резорт” пансионатынын жана ”Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин аймагындагы, ошондой эле Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылынын ортосундагы унаа токтотуучу жайларга каттаган маршруттар белгиленген графикке ылайык иштеп жатат.
“Жол кыймылы штаттык режимде көзөлдөнүп, көрсөтүлгөн багыттарда тыгындар жана кыймылга олуттуу тоскоолдуктар катталган жок”, – деп айтылат маалыматта.