Көчмөндөр оюндарынын жабылышына жана финалдык оюндарга билеттер калган жок
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине жана көк бөрү, көкпар оюндарынын финалдык оюндарына билеттер калган жок.
Буга байланыштуу оюндардын медиа штабы расмий эмес маалыматтардан, булактардан жана жасалма билеттерден сактанууга чакырат.
“Жогоруда аталган иш-чаралар өтүп жаткан учурда билеттер күчөтүлгөн тартипте текшерилет”, – деп белгилешти медиа штабдан.