Сузакта милиция кызматкери жашы жете элек кызга баш кошкондугу үчүн жоопко тартылды

 Сузакта милиция кызматкери жашы жете элек кызга баш кошкондугу үчүн жоопко тартылды

Жалал-Абал облусунун Сузак райондук прокуратурасы тарабынан жашы жете элек балдардын укуктарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу фактысы аныкталган. Алсак, Сузак районунун тургуну, 1994-жылы төрөлгөн Э.К Сузак РИИБнүн кызматкери болгондугуна карабастан, Базар-Коргон районунун тургуну, 2005-жылы төрөлгөн жашы жете элек К.Х менен баш кошушкан. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы И.Р окуган.

Бул факты боюнча жашы жете элек кыздын апасы В.К., жолдошу Э.К. жана нике окуган дин кызматкери И.Р.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (“Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдөгү нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу”) менен айыптары угузулду. Мындан сырткары, аталган милиция кызматкери кызмат ордунан бошотулду.

Учурда, кылмыш иши негизинен кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилип, кароо алдында турат.

Связанный пост