Сузакта курулуш талаптарын сактабаган мунай заводуна 400 миң сом айып салынды
Сузак районунун Курук-Сай тилкесинде жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-январда аталган объекттин курулушу боюнча долбоордук-уруксат берүүчү документи, тиешелүү экспертиза жана архитектуралык-шаар куруу корутундулары жок экендиги аныкталган.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча административдик чаралар көрүлүп, “Орис НПЗ” ЖЧКсына карата 200 миң сом айып салынган.
Ал эми апрель айындагы текшерүү иштеринин жыйынтыгында заводдун курулушу боюнча берилген көрсөтмөлөр аткарылбагандыгы, ошондой эле курулуш иштери белгиленген талаптарды бузуу менен улантылып жатканы аныкталды.
Буга байланыштуу аталган компанияга карата кайрадан протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Белгилей кетсек, өндүрүштүк объекттерди, айрыкча мунайды кайра иштетүү тармагындагы объекттерди зарыл болгон экспертизалык корутундуларсыз, ошондой эле автордук жана техникалык көзөмөлсүз куруу аймактын экологиялык жана техникалык коопсуздугуна потенциалдуу коркунуч жаратат.