Салык кызматы 8 айда 31,9 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

 Салык кызматы 8 айда 31,9 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Мамлекеттик салык кызматы январь-август айларында 31 млрд 952,9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бекитилген план 712,9 млн сомго же 2,3 %га ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 7 млрд 221,9 млн сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 129,2%).

Связанный пост