Бишкекте 44 адам тамакка ууланып, ооруканага кайрылды

 Бишкекте 44 адам тамакка ууланып, ооруканага кайрылды

Бишкекте 44 адам тамакка ууланып, ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен  билдиришти.

Маалыматка ылайык, бейтаптар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кечээ, 18-июнда кайрыла башташкан.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев биздин редакцияга кабарлагандай, күн мурун ууланып кайрылгандардын саны 37 адамды түзгөн. Азыркы сааттарга карата медициналык жардам сурап келгендердин саны 44кө жетти.

Башкы дарыгердин айтымында, тамакка уулангандардын баары Бишкектеги медреселердин биринде оливье салатын жешкен.

“Ооруканага кайрылгандардын 13ү жаткырылды. Алардын биринин абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө болчу. Бүгүн абалы жакшырып калды, палатага түштөн кийин которууну пландап жатабыз. Калган бейтаптардын абалы турукташты. Ал эми 31 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө жиберилди”, — деди ал.

Аалиев белгилегендей, бейтаптар учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө жана тийиштүү дары-дармектер менен толук камсыздалган.

Связанный пост