Кыргызстан менен Албаниянын президенттери этномаданий программа менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай бүгүн, 19-июнда, анын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү.
Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын көрсөтүштү.
Андан соң конокторго кыргыз элинин бай маданий-тарыхый мурастарын чагылдырган инсталляциялар, анын ичинде кол өнөрчүлүк чеберканалары, көчмөндөрдүн салттуу турмуш-тиричилиги жана боз үйдүн жасалгасы көрсөтүлдү.
Этномаданий программа жаа атуу, каскадер атчандардын парады, куш салуу жана байыркы тайган тукумдагы тайгандардын жарышы сыяктуу салттуу мелдештерди көрсөтүү менен аяктады.

Связанный пост